Лор-врач: «Ангинаны алгандан кийин деле тамак ооруй берет»

“TV Шыпаакана” берүүсүндө конок болгон оториноларинголог Адилет Джунушалиев ангина темасынын алкагында кызыктуу суроолорго жооп берди.

«Ангинаны алып койсо эле болду, тамак оорубайт, маселе чечилип калат деген жаңылыш ой. Ангина алынгандан кийин деле тамак ооруй берет. Жадакалса бат-баттан оорушу мүмкүн. Андан сырткары өпкө оорулары көбөйүшү ыктымал», — дейт врач.