Мээ кайнаткан ысыктан кантип сактануу керек? Министрликтен сунуш

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология агенттигинин маалыматы боюнча, 12-14-июль күндөрү аномалдуу ысык аба ырайы күтүлүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлиги алдыдагы аномалдуу ысыкта ден соолукка кам көрүү боюнча сунуштарды берди.

Абанын температурасынын ашыкча жогорулашы адамдын организмине, өзгөчө жүрөк-кан тамыр системасына терс таасирин тийгизет. Мындай аномалдуу ысык аба ырайында ысык же күн өтүп кетишинен сактануу үчүн мүмкүн болушунча көлөкө жерде болууга аракет кылыңыз.

Ысык же күн өтүп кетишинин белгилери:

Ысык өтүп кетишинин алдын алуу:

Баш кийимсиз күн астында көпкө туруу сунушталбайт. Чаңкооңузду салкын, бирок өтө муздак эмес суусундуктар менен кандыруу зарыл: суу, көк чай, шире, бирок эч качан спирт, кофе же сыра болбойт. Алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу керек. Ысык аба ырайында режимди сактоо өтө маанилүү болуп саналат — суюктук, жок эле дегенде, 1,5-2,5 литр, ашыкча тоюп жеген болбойт.

Бөлмөнүн температурасын көзөмөлдөө жана желдеткичтин же кондиционердин астында турбаш керек.

Бөлмөнүн ашыкча ысып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жалюзи колдонуу, терезелердин ички жагына чагылдыруучу фольганы же тешикчелери бар кадимки ак кагазды жабыштыруу сунушталат.

Табигый кездемелерден (кебез, зыгыр буласынан, жибектен) тигилген жеңил, ачык түстөгү кийимдерди кийүү керек.

Курчап турган чөйрөнүн температурасы 25 градустан жогору болсо, кара жумуш, терапиялык массаж, жылуулук физиотерапиясы, ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасоого тыюу салынат, анткени булар жүрөк-кан тамыр системасына кошумча күч келтирет.

Жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары менен жабыркагандар дарыгердин сунуштарын так аткарып, белгиленген дары-дармектерди өз убагында кабыл алышы керек. Артериалдык гипертониядан жапа чеккен адамдар кан басымын дайыма көзөмөлдөп турушу керек. Кант диабети менен ооруган бейтаптар кандагы канттын көлөмүн кылдаттык менен көзөмөлдөөсү керек. Бул жөнөкөй алдын алуу чараларын колдонуу менен, аномалдуу ысык аба ырайына оңой туруштук бере аласыз жана ден соолугуңуздун начарлашынан сактана аласыз.