«Мурун көз эмес!». Адис эмне үчүн альбуцид көз тамчыларын мурунга тамызбоо керектигин түшүндүрдү

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 2 айлык наристенин атасы кайрылып, бейтапканада иштеген дарыгердин айынан баласы оор абалда ооруканага түшүп калганын айткан. Анын айтымында, нөөмөттөгү дарыгер альбуцид деген дары жазып берген. Ошол дарынын мурдуна куйган соң, абалы начарлап баштаган. «Бизге жазган негизи көздүн дарысы экен, бизге мурунга жазып берген» деген атасы.

Журналисттерге медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова дары боюнча түшүндүрмө берди. «Далил издеп эч жакка баруунун деле кереги жок. Альбуцидди мурунга тамызуу сунушталбайт. Албуцидди мурунга жаңылыштык менен тамчылаткан учурлар болот, бирок акыркы убакта, тескерисинче, атайылап жазып берип жатышат. Таң каласың», — деди ал. 

«Биринчиден, альбуцид сульфаниламид сериясындагы белгилүү микробго бактерияга каршы дары. Ал эми мурундун бүтүшү респиратордук вирус. Вирус бул бактерия эмес. Башкача айтканда, мурундун былжыр челине вирустун таасиринин көрүнүштөрү! Ал эми мурун көз эмес. Дары мурундун былжыр челиндеги вируска каршы иштебейт. Ал көздүн былжыр челиндеги бактерияларга каршы иштейт», — деп түшүндүрдү эксперт.

Ал ошондой эле дарынын нускамасында бир гана көз ооруларына гана колдонулушу керектиги жазылганын белгиледи.