Нарколог: «Арак организмди микробдордон коргой албайт, тескерисинче иммунитетти түшүрөт»

Арак дезинфекциялоочу каражат катары кызмат кыла албайт жана организмди микробдордон коргой албайт, алкоголь, тескерисинче, иммунитетти төмөндөтөт. Бул тууралуу Tengri Lifestyle нарколог Валентин Скрябинге шилтеме берүү менен билдирди.

«Арак микробдорду жок кылат деген мифтин тамыры башка алкоголдук ичимдиктер сыяктуу эле арактын курамында этил спирти бар экенинен чыккан. Бирок мен эсиңиздерге сала кетейин, анын арактагы концентрациясы 40 пайызга жакын, ал эми вирустук кабыкчаларды жок кылуу үчүн бул алкоголдун керектүү концентрациясы 60 пайыздан ашык болушу керек. Башкача айтканда, арак да, башка алкоголдук ичимдиктер да дезинфекциялоочу каражат боло албайт жана организмди коргой албайт», — деди Скрябин.

Анын айтымында, алкоголь, тескерисинче, иммунитетти төмөндөтөт. Нарколог ошондой эле ар кандай концентрациядагы ар кандай алкоголдук ичимдик негизги уулуу компоненттен улам ден соолукка кооптуу экенин кошумчалады.