Омикрондун алгачкы белгилеринде эмне кылуу керек? Дарыгердин кеңеши

Коронавирустун омикрон штаммынын алгачкы белгилеринде эмне кылуу керек? №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун отоларинголог дарыгери Майрам Жумалиева калк кандай белгилер менен көп кайрылып жатканы тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Вирустун негизги белгилери кандай?
— Көбүнчө катуу тамак оору, тамактын кычышуусу, тамактын кургоосу, кургак жөтөл, муундардын катуу оорушу, баш жана белдин оорусун айтышууда. Өз алдынча дарыланууга болбойт, бул белгилердин баарына ооруну басаңдатуучу дары жардам бербейт. Бардык эле адамдардын дене табы көтөрүлгөн жок, бирок начар интоксикация жүрүүдө. Эгерде дене табыңыз көтөрүлсө, аны түшүрүүгө же антибиотиктерди ичүүгө шашылбаңыз. Бул туура эмес. Вирус сиздин организмге киргенде организм дене табынын көтөрүлүшү же лимфа түйүндөрүнүн кеңейиши аркылуу коргоно баштайт. Бул туура реакция болуп саналат.

Вирусту жеңүү үчүн белгилери боюнча дарыланууну баштоо керек. Мурун бүтсө, азыраак туздун аралашмасын даярдап, мурунду жууш керек. Тамак үчүн сода аралашмасын, чөптөрдүн кайнатмаларын (календула, ромашка) колдонууга же алардын аралашмасын жасап чайкоого болот (1 аш кашык чөпкө 1 стакан кайнак суу куюп, демдеп, 5-10 мүнөттөн кийин чыпкалап, жылуу аралашма менен күнүнө 3-4 жолу тамакты чайкап туруу). Ошондой эле фурацилинди (майдаланган же 1-2 таблетка) 200 миллилитр кайнатып муздатылган сууга эритип колдонууга болот. Тамактын кургак болушу жана кычышуусу жутуу учурунда катуу оорутушу мүмкүн, ошондуктан ооруну басаңдатуучу таблеткаларды же спрейлерди колдонууга болот. Омикрондо муундар катуу ооруйт. Интоксикация узакка созулат, кээде бул антибиотиктерди ичүүгө байланыштуу. Эгерде дене табы 3-4 күн бою түшпөсө жана кармалып турса, абал начарласа, дароо дарыгерге кайрылып, туура дарылоону баштоого чакырам.

Кандай сунуштамаларды кармануу керек?
Суюктукту көп ичүү (дененин 1 килограмм салмагына 30 миллилитр), ооруп жаткан тамакты жабыркатып албаш үчүн өтө ысыкты ичпеңиздер. Жатпаңыздар, анткени кыймыл аз болуп, жатып алганыбызда жана сууну аз ичкенибизде туруп калуу процесси жүрөт – бул жаман. Кыймылдуу болуу керек.