Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Фатва, диний адабияттар бөлүмү орозого байланыштуу суроолорго жооп берди.
Орозону жагымсыз кылуучу нерселер кайсылар?
- Бир нерсени даамдап түкүрүп салса орозо бузулбайт, бирок муктаждыгы жок эле бир нерсени даамдап көрүү макрух (орозо үчүн жагымсыз амал) болот.
- Баланын оозуна бир нерсени чайнап салуу орозону макрух (орозо үчүн жагымсыз амал) кылат. Зарылчылык жана муктаждык болсо, анда макрух эмес.
- Мисвак колдонсо орозо бузулбайт, тиш пастасын колдонууга болбойт. Пайдаланса макрух (орозо үчүн жагымсыз амал) .
- Рамазан айында бирөөнүн орозосу бузулуп калса да күн батканга чейин жеп-ичүү жакшы эмес.
- Орозону кечиктирбей ачуу керек, кечиктирүү макрух.