Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Фатва, диний адабияттар бөлүмү орозого байланыштуу суроолорго жооп берди.
Эгер унутуп жеп алса эмне болот?
- Орозо экенин таптакыр унутуп жеп-ичип алса, анан орозо экени эсине түшсө орозосу бузулбайт, орозосун уланта берет. Бирок унутуп жеп алып «орозом бузулуп калды» деп ойлоп, андан ары атайлап жеп ичүүнү улантса, эми орозосу бузулду. Ошол күндүн орозосунун казасын кармайт, каффара бербейт.
- Саарлык жеш сүннөт, саарлыкта береке бар. Ошондуктан карын ток болуп же табит жок болуп жатса, бир же эки курма жеп, кичине суу ичип алса жакшы болот.
- Курма менен оозду ачуу жакшы, болбосо мөмө же таттуу бир нерсе же суу менен ачса дагы болот.
- Балакат жашына жакындап калган балдар мүмкүнчүлүгүнө карап орозо тутса болот бирок милдеттүү эмес. Ал эми балагатка жеткенден баштап орозо кармоо милдет. Кыз балдар айыз көрө баштаганда, эркек балдар түшүркөп баштаганда балагат куракка жетти деп эсептелет.
- Саарлык убактысы өтүп кеткенден кийин, убакыт бүтө элек деп ойлоп саарлык тамагын жеп алса, орозо туткан адамдай уланта берет. Бирок ал орозо деп эсептелбейт. Ошол күндүн орозосунун казасын башкадан тутуп берет. Дал ушундай эле күн бата электе эле күн батты деп ойлоп оозун ачып алса, орозо туткан адамдай уланта берет. Бирок ал орозо деп эсептелбейт. Ошол күндүн орозосун казасын башкадан тутуп берет. Айыбын төлөө милдеттүү болбойт.
- Адам орозону ниет кылбастан эле жеп-ичсе орозо деп эсептелбейт. «Таң аткандан күн батканча Рамазан айынын орозосун кармоону ниет кылдым» деп ниет кылат. Ниет кылгандан кийин таң атканга чейин убакыт бар болсо жеп-ичсе болот. Ооз жабуу убактысы бүтүп калса, анда жеп-ичүүгө болбойт.
Каффаара милдет болгон адам эгер 60 күн орозо кармай албаса, анда 60 кедейге тамак берсин.