Психиатр: «Айрым адамдарда 30 жаштан баштап эле карылык башталат»

Айрым адамдарда 30 жаштан баштап эле карылык башталат. Бул тууралуу психиатр Кубанычбек Эрмегалиев «TV Шыпаакана» берүүсүнө маек берип жатып билдирди.

«Ал эми айрым адамдар 50 жаштан баштап карый баштайт. Карылыкты бул жаштан башталат деп бир жашты айтуу кыйын. Ал адамдын организмине жараша болот», — деди ал.

Ал ошондой эле карылыкка жеткен адамдын белгилери абдан көп экенин айтты. «60-70 жаштан өтүп калганда өзгөрүүлөр болот. Биринчи, жүрүм-турумунан, сүйлөгөн сөздөрүнөн билинет. Эң биринчи, эске тутуусу начарлайт, ойлонуусу жайлайт, таарынчаак боло түшөт», — дейт ал.