«Суу шалаакылыкты кечирбейт». Сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин эске салабыз

ӨКМ Сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери менен бөлүштү.

❌Сууга түшүүгө ылайыкташтырылбаган жана массалык эс алууга арналбаган жайлардагы суу объектилеринде сууга түшүүгө болбойт. Алар: көлмөлөр, жасалма көлмөлөр, каналдар, дарыялар.

❌Спирт ичимдиктерин ичүүгө жана сууга мас абалында түшүүгө болбойт.

❌«Сууга түшүүгө болбойт сууга чумкуганга, секиргенге тыюу салынат» деген жазуулары бар суу объектилеринде сууга түшүүгө болбойт.

❌Бассейн, дарыя, канал, көлмөлөрдүн жанында балдарды кароосуз калтырбагыла.

❌Саздак, баткак жана балырлуу жерлерде сууга түшүүгө болбойт.

❌Скутерлерге, парустуу, моторлуу кайыктарга жана башка ушул сыяктуу сузүүчү каражаттарга сүзүп барганга тыюу салынат.

🔴Эске тутуңуз! Суу шалаакылыкты кечирбейт!