«Суу шалаакылыкты кечирбейт». Сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин эске салабыз

ӨКМ Сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери менен бөлүштү.

Сууга түшүүгө ылайыкташтырылбаган жана массалык эс алууга арналбаган жайлардагы суу объектилеринде сууга түшүүгө болбойт. Алар: көлмөлөр, жасалма көлмөлөр, каналдар, дарыялар.

Спирт ичимдиктерин ичүүгө жана сууга мас абалында түшүүгө болбойт.

«Сууга түшүүгө болбойт сууга чумкуганга, секиргенге тыюу салынат» деген жазуулары бар суу объектилеринде сууга түшүүгө болбойт.

Бассейн, дарыя, канал, көлмөлөрдүн жанында балдарды кароосуз калтырбагыла.

Саздак, баткак жана балырлуу жерлерде сууга түшүүгө болбойт.

Скутерлерге, парустуу, моторлуу кайыктарга жана башка ушул сыяктуу сузүүчү каражаттарга сүзүп барганга тыюу салынат.

Эске тутуңуз! Суу шалаакылыкты кечирбейт!