ӨКМ маалымат таратып, сууктан сактануунун жолдору менен бөлүштү.
- Эртең, 11-январдан тарта Кыргызстанда аномалдык суук болушу күтүлүүдө. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаап, жолдордо муз тоңот. Кээ бир аймактарда абанын температурасы -38 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө.
биринчиси – үшүк алган тери кубарып кетет;
экинчиси – денеде ыйлаакчалар пайда болот;
үчүнчүсү – дененин үшүк алган бөлүгүнүн көгөрүүсү.
Экинчи жана үчүнчү даражадагы белгилер пайда болгон учурда үй шартында дарыланбастан, токтоосуз дарыгерге кайрылыңыз. Ал эми биринчи даражадагы үшүк белгилери байкалса жылуу бөлмөгө кирип, үшүк алган жерлерге калың марли же пахта коюп, клеенка менен таңуу сунушталат. Үшүк алган колду же бутту ванна кабыл алуу менен да жылытса болот. Суунун температурасы +20 градустан улам жогорулатуу аркылуу +40 градуска чейин жеткирүү зарыл. Мындай процесс 40 мүнөткө созулуп, үшүк алган дене бөлүктөрүн жай укалоо керек. Андан кийин чай же башка жылуу суусундук ичсеңиз болот.