Сууктан кантип сактануу керек жана үшүк алуудагы биринчи жардам

ӨКМ маалымат таратып, сууктан сактануунун жолдору менен бөлүштү.

  • Эртең, 11-январдан тарта Кыргызстанда аномалдык суук болушу күтүлүүдө. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаап, жолдордо муз тоңот. Кээ бир аймактарда абанын температурасы -38 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө.
СУУКТАН САКТАНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ:
Эң алгач, кан айланууну камсыздоочу кан тамырларды коргоо үчүн башты жана моюнду жылуу кармоо зарыл. Мындан сырткары суукка чыгардан мурун жакшылап тоюп алуу керек. Анткени ачкалык адамдын организминин суукка каршы күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат. Алкоголдук ичимдиктер адамдын суукту сезүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт. Ал эми тамеки тартуу кан тамырлардын ичкерүүсүнө алып келип, кан айланууну басаңдатат. Ошондуктан алкоголдук ичимдиктерден жана тамеки тартуудан алыс болуу сунушталат. Абанын температурасы -15 градустан төмөндөгөн учурда үшүк алдыруудан сактануу үчүн денеңизге кам көрүңүз. Дарыканалардан, дүкөндөрдөн бальзам, мазь, крем жана башка коргоочу косметикаларды сатып алсаңыз болот. Ошондой эле жылуу кийинуу, нымга туруктуу кийимдерди колдонуу сыяктуу коргонуунун элементардык эрежелерин сактоону унутпаңыз.
ҮШҮК АЛУУДАГЫ БИРИНЧИ ЖАРДАМ
Адамдын денесинин үшүк алган бөлүктөрүнүн сезгичтиги жоголот жана ачышуу, сайгылашуу сезимдери пайда болот. Үшүктүн 3 даражасы бар:

биринчиси – үшүк алган тери кубарып кетет;

экинчиси – денеде ыйлаакчалар пайда болот;

үчүнчүсү – дененин үшүк алган бөлүгүнүн көгөрүүсү.

Экинчи жана үчүнчү даражадагы белгилер пайда болгон учурда үй шартында дарыланбастан, токтоосуз дарыгерге кайрылыңыз. Ал эми биринчи даражадагы үшүк белгилери байкалса жылуу бөлмөгө кирип, үшүк алган жерлерге калың марли же пахта коюп, клеенка менен таңуу сунушталат. Үшүк алган колду же бутту ванна кабыл алуу менен да жылытса болот. Суунун температурасы +20 градустан улам жогорулатуу аркылуу +40 градуска чейин жеткирүү зарыл. Мындай процесс 40 мүнөткө созулуп, үшүк алган дене бөлүктөрүн жай укалоо керек. Андан кийин чай же башка жылуу суусундук ичсеңиз болот.