Тамекини таштоонун пайдасы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат беришти.
Тамекини таштагандан кийин 20 мүнөттөн кийин жүрөктүн согушу басаңдайт. 12 сааттын ичинде кандагы моноксид углеродунун деңгээли нормага чейин төмөндөйт. 2-12 жуманын ичинде кан айлануу жакшырып, өпкөнүн иштеши нормалдашат. 1-9 айдын ичинде жөтөл жана энтигүү азаят. 5-15 жылдын ичинде тобокелдик деңгээли тамеки тартпаган адамдыкындай болот. 10 жылдын ичинде өпкө рагынан каза болуу коркунучу тамеки тарткандарга салыштырмалуу эки эсеге азаят. 15 жылдын ичинде жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруп калуу коркунучу тамеки тартпаган адамдын тобокелдик деңгээлине чейин жетет.