Тамеки таштагандан кийин канда, тамырларда, мээде кандай өзгөрүү болот?

Тамекини таштоонун пайдасы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат беришти.

Тамекини таштагандан кийин 20 мүнөттөн кийин жүрөктүн согушу басаңдайт.
12 сааттын ичинде кандагы моноксид углеродунун деңгээли нормага чейин төмөндөйт. 2-12 жуманын ичинде кан айлануу жакшырып, өпкөнүн иштеши нормалдашат.
1-9 айдын ичинде жөтөл жана энтигүү азаят.
5-15 жылдын ичинде тобокелдик деңгээли тамеки тартпаган адамдыкындай болот.
10 жылдын ичинде өпкө рагынан каза болуу коркунучу тамеки тарткандарга салыштырмалуу эки эсеге азаят.
15 жылдын ичинде жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруп калуу коркунучу тамеки тартпаган адамдын тобокелдик деңгээлине чейин жетет.