Тузга туз кошуп жейсизби? Зыяны жөнүндө билип алыңыз

Кыргызстанда 30-октябрдан баштап 6-ноябрга чейин тузду ашыкча колдонуунун тобокелчиликтери тууралуу маалыматтуулукту жогорулатууга, сергек жашоо мүнөзүн колдоого багытталган “Туз кошуу адатыбыздан кутулабыз” урааны астындагы жумалык маалыматтык кампаниясы башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Бул кампания Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин жана Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматташуусунда жүрүп жатат. Кыргызстандагы оорулардын жана өлүмдөрдүн 80 пайыздан көбүрөөгү онкологиялык оорулар, дем алуу органдарынын өнөкөт оорулары жана жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары сыяктуу жугуштуу эмес ооруларга туура келет. Алардын арасында оорунун 4 түрү бар, биринчи орунда – жүрөк-кан тамыр оорулары, булар артериялык гипертензия (гипертония), инсульт, инфаркт. Дээрлик ар бир экинчи чоң адамдын жогорку артериялык кан басымы бар. Ошону менен бирге жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүүсүнө түрткү берүүчү негизги фактор – тамак-аш тузун өтө көп колдонуу.

Туз пайдаланууну азайтуу – коомдук ден соолукту жакшыртуудагы маанилүү кадам.