Врач-гастроэнтеролог: «Ооруну басуучу дарылар ашказан жарасына алып келет»

Коомчулукта көпчүлүк билген ашказан, он эки эли ичегинин жарасы темасынын айланасында врач-гастроэнтеролог Мамираим Жумабаев «TV-Шыпаакана» берүүсүндө көптөгөн кызыктуу маалыматтарды берди.

«Ашказан жарасын илгертен туура эмес тамактануудан же нерв болгон учурда келип чыгат деп ойлошкон. 1980-1990-жылдары эки окумуштуу хеликобактер пилори бактериясын изилдеп чыгышкан. Хеликобактер пилори бактериясы ашказан жана он эки эли ичегинин жарасын пайда кылары аныкталган. Ал ашказан рагынын да негизги себеби болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө хеликобактер пилори 85 пайыз ашказан, он эки эли ичеги жарасын жаратат, 15 пайызы күнүмдүк колдонулуп жүргөн деклофенак сыяктуу ооруну жок кылуучу препараттар, калган 1 пайыз башка себептер жана алар сейрек кездешет», — дейт врач.