Врач-гинеколог: «Эрозия бул оору эмес, 1-2 айда кетип калат»

Көпчүлүк айымдардын көйгөйү болгон жатын моюнчасынын эрозиясы тууралуу врач-гинеколог Арсен Аскеров «TV-Шыпаакана» берүүсүндө кызыктуу маалыматтарды берди.

«Эл арасында, медицина кызматкерлеринин арасында кээде туура эмес көз караш болот. Кээде туура эмес диагноз коюлуп, туура эмес дарылоо болот. Жакында бизде улуттук клиникалык протокол иштелип чыкты. Анда так жазылып турат. Эрозия бул өзүнчө оору эмес, кыска убакытта боло турган абал. Көпчүлүк учурда ал 1-2 айдын ичинде тарап кетет. Ал эми жатын моюнчасынын эрозиясы деген терминдин артында башка жатын моюнчасынын оорулары бар. Аны көзөмөлгө алыш керек. Аны айрым кызматкерлер кольпоскопия аппараты жок же билими жетишсиз болгондуктан жалпылап эрозия деп дарылай беришет»,  — дейт дарыгер.