Врач-инфекционист: «Адамда иммунитет жакшы болсо, суу чечек аз чыгат»

Суу чечек менен ооруганда айрымдардын бүт денесин бүдүрчөлөр басып кетет, айрымдарга саналуу гана чыгат. Эл арасында канчалык көп чыкса, ошончолук бат тарайт деген ишеним бар. «TV-Шыпаакана» берүүсүндө конок болгон врач-инфекционист Бурмайым Кайкыева аталган көрүнүштү төмөнкүдөй түшүндүрдү.

«Суу чечектин жеңил түрүндө 2-3 бүдүрчө чыгып, андан ары көбөйбөй кайра кайтып кетиши мүмкүн. Бул вирустун аз өлчөмдө организмге кириши менен түшүндүрүлөт. Жөнөкөй тил менен айтканда, вирустун алы ошого эле жетти деген түшүнүк. Калган токсиндерди адамдын иммунитети жакшы болсо, алар тазалап турат», — дейт врач.