Врач-инфекционист: «Суу чечекти дарылоодо шарап менен бозо жардам бербейт»

Суу чечек вирусун жуктуруп алганда сөзсүз үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу керек. Эл арасында колдонулуп келген бозо, шараптын пайдалуулугун «TV-Шыпаакана» берүүсүндө врач-инфекционист Бурмайым Кайкыева четке какты.

«Эл арасында бозо, шарапты ичсе суу чечек денеге бат чыгып, кайра бат тарайт деген ишеним бар. Бирок ал медицинада такталган эмес. Анысы жок эле биз симптоматикалык дарылоо менен айыктырып келе жатабыз», — дейт врач.