Врач-терапевт: «Өт менен уйку без жакшы иштебесе, колтук жыттанат»

«TV Шыпаакана» берүүсүндө врач-терапевт Гүлсана Бапаева конок болуп, тердөө, колоңсо темасындагы кызыктуу суроолорго жооп берди.

«Колтук тердегендин негизги себеби, бул өт менен уйку бездин жакшы иштебегендиги. Ал үчүн адам биринчиден туура, табигый тамактарды жеши керек. Курамында химикаттар бар газдалган ичимдиктерди ичип же тез даярдалуучу тамактарды жесе, өт эрите албай калат. Химикаттар «мусор» болуп чогула берет да, сиңбей, топтолуп, ошондон жагымсыз жыт чыгып баштайт. Адамдын организми табигый тамактарды сиңиргенге ылайыкташкан, химикаттарды сиңире албайт. Диета карма десең эле, «башым тегеренип кетти», «каным түшүп кетти» деп башташат. Диета кармоо деген болгону туура тамактануу, накталай азыктарды жеш керек деген түшүнүк», — дейт врач.