Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылса эмне кылуу керек?

Үй-бүлөдөгү зомбулук — бул үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн экинчисине карата атайылап жасаган ар кандай аракети. Эгерде бул аракет үй-бүлө мүчөсүнүн мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин бузса, ага физикалык же психикалык жактан зыян келтирсе жана моралдык зыян келтирсе, же болбосо физикалык мүнөздөгү коркунучту камтыса, анда бул зомбулук болуп саналат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун бир нече түрлөрү бар: физикалык, сексуалдык, психологиялык жана экономикалык. Кордоо, урушуу, коркутуу, обочолонуу, четке кагуу дагы зордук-зомбулуктун көрүнүшү.

«Айрыкча балдар үй-бүлөдөгү туруктуу уруштарды жана чыр-чатактарды көргөндө жабыр тартышат, мунун баары баланын эмоционалдык абалына, анын өнүгүшүнө жана коомдогу инсан катары калыптанышына таасир этет. Эгерде сиз зомбулукка кабылган болсоңуз, анда күтүүнүн жана чыдоонун кереги жок, тез арада укук коргоо органдарынан жардам сурашыңыз керек! Урматтуу жарандар, мындай учурларда 102 номуруна билдирип, четте турбоону суранабыз», — деп айтылат маалыматта.