Ысык өтүп кетпеши үчүн эмне кылуу керек?

Күн соккусунан кантип сактануу керек? Саламаттыкты сактоо министрлиги пайдалуу кеңештерди жарыялады.
Жылуулук соккусу — дененин ысып кетишинен пайда болуучу курч оорулуу абал. Дем кыстыктырган жабык бөлмөдө же тыгында калган унаада пайда болушу мүмкүн.
Күн соккусу — жылуулуктун таасиринин бир түрү. Жылуулук соккусунан айырмаланып, күн соккусу күндүн нуруна көпкө туруудан жана башка күн нурунун түздөн-түз тйиүүсүүнөн улам күн өтүп кеткенде пайда болот.
Дарыгерлер жылуулук жана күн соккусунун белгилерин үч даражага бөлүшөт. Үчүнчү даражада адам жөөлүп, көзүнө ар нерсе көрүнүп, талып же эсин жоготушу мүмкүн. Мындай абалдагы бейтап эле өлүмгө дуушар болушу мүмкүн, ал тез арада медициналык жардамга муктаж.
Күн соккусунан кантип сактануу керек:
табигый материалдардан жасалган жеңил кийимдерди кийүү — тердин чыгышына жолтоо болбой турган зыгыр буласынан, кебезден, жибектен;
ачык түстөгү баш кийимсиз сейилдөөгө болбойт;
бетиңизди жана башыңызды муздак суу менен чайкап, кол чатыр менен коргонсоңуз болот;
бат-бат таза суу ичип туруңуз, ар кандай спирт ичимдиктеринен баш тартыңыз — бул суусузданууга өбөлгө түзөт;
күнгө чыккан убактыңызды кыскартууга аракет кылыңыз (саат 11ден — 16га чейин). Бул убакта сыртка чыгуу зарыл болсо, көлөкөдө болууга аракет кылыңыз.
мүмкүн болсо, коомдук транспортко түшпөгөнгө аракет кылыңыз. Эгер бул мүмкүн эмес болсо, анда жүргүнчүлөр азын тандаңыз. Унаада жүргөндө денеңиздин ачык жерлерин нымдуу салфетка/кол аарчы менен сүртүп, суу ичип туруңуз.