“Путь в жизнь” реабилитациялык борборунун мыйзамсыз иштөөсүнө байланыштуу бир катар жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
«Путь в жизнь» реабилитациялык борборунда бейтаптардын психологиялык абалы өтө оор “срыв” болуп жаткан учурда, аларды тынчтандыруу үчүн адамгерчиликсиз ыкмаларды колдонуп, атайын даярдалган каражаттар (бут-колдор үчүн бекиткичтери бар керебет, дубинка ж.б. кыйноочу аспаптардын түрлөрү, электр шокер, оозун жабуучу каражаттар жана башка буюмдар) менен физикалык күч колдонуп, бейтаптарга орду толгус физикалык жана психологиялык травма алып келишкен. Жазанын кошумча чаралары катары баш ийбеген бейтаптарды “изолятордук” бөлмөлөргө жайгаштырып (караңгылатылган терезелер, тосмолору бар), тышкы дүйнө менен байланышын чектеп, памперс кийгизип, даараткананы жана жеке гигиена каражаттарын 7-8 сутка бою колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышкан.
Белгилей кетсек, борбордун бизнес ишмердүүлүгү анын ээлерине олуттуу каржылык киреше алып келген, анткени бир бейтап үчүн ай сайын төлөнүүчү төлөм 80 000 сомду түзгөн. Ошол эле учурда, бейтаптардын реабилитациялык чыгымдарын төлөгөн туугандары жана достору борбордо колдонулган чыныгы дарылоо ыкмалары жөнүндө маалыматы болгон эмес. Тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгында 8 адам кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө жана оперативдүү иш-чаралар уланууда.
КР УКМК жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын аракеттеринен жабыркаган бардык жарандарды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча нөөмөт кызматына: 0312530301 телефону аркылуу кайрылууну суранат.