Өкмөт айыл-чарба товарларынын айрым түрлөрүн алты айга чыгарууга тыюу салды

Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирликтин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө өкмөттүн токтому кабыл алынды.  Мындай чара азык-түлүктүн кескин жетишсиздигине жол бербөө жана анын ичинде республиканын калкынын улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында көрүлдү.

Белгилесек, аталган чечим өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алынган. Чечимге ылайык, көрсөтүлгөн тыюу салуу алты айлык мөөнөткө киргизилет жана реэкспорттук, транзиттик, ошондой эле гуманитардык продукцияларга жайылтылбайт.

Аталган тыюу салуу ири жана майда мал-жандыктарга, үй канаттууларына, дан эгиндерине, кумшекерге жана башка айыл чарба продукцияларына тиешелүү.

Өкмөттүн бул токтому ушул жылдын 19-ноябрында күчүнө кирди.

Кечээ, Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев тыюу салынган айыл чарба продуктуларынын тизмесин жарыялаган. Анда тирүү жылкы, тирүү ири мүйүздүү мал, тирүү кой-эчкилер, тирүү үй канаттуулары, буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, буудай уну, өсүмдүк майы, кумшекер, жумуртка, йоддолгон туз, тоют бар.