Жер казынасын геологиялык изилдөө жана чалгындоо, алтын, күмүш жана жезди иштетүүгө байланышкан иш-аракеттерди лицензиялоого убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Бул буйрук учурдагы лицензиялардын мөөнөтүн узартууга жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоо боюнча жер казынасын өзгөчө укуктарына жайылтылбайт.
Белгилей кетүүчү жагдай, Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли менен жолугушуу учурунда мындан ары лицензия берилбей турганын белгилеп, буга чейин уруксат алган компаниялар ишмердүүлүгүн жүргүзө берерин кошумчалаган.