«1-апрелден эмгек акыны көтөрөбүз, бирок миң долларга жеткире албайбыз». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жазып, анын себебин түшүндүрдү.
«Эгемендик алгандан бери топтолгон карызыбыз 5 миллиард долларга жакын болуптур. Эми аны кайтаруу мөөнөтү менин президенттик мезгилиме туш келип отурат. Эч маселе жок, толук төлөп беребиз. Төлөп бергенге каржы булактарыбызды жана пландарыбызды дагы аныктап койдук. Динамика көрсөтүп тургандай, ушул жылдан баштап 2026-жылга чейин эң жогорку сумманы – 350 миллион доллар төлөйбүз. Андан кийин төлөм кайра ылдыйлап олтуруп, 2030-жылдар менен төлөп бүтөбүз.
Менин айтайын дегеним, ушул акча каражаттарын эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүүгө колдонсок, ар бир мамлекеттик кызматкер жок эле дегенде, миң доллар эмгек акы алып иштеп калмак экен. 1-апрелден баштап эмгек акыларды көтөрөбүз, бирок албетте, миң долларга жеткире албайбыз. Казынабызга жараша максималдуу түрдө көтөргөнгө аракет кылабыз», — деп жазды өлкө башчысы.
Муниципиалдык кызматкерлердин эмгек акылары да которулобу? Себеби жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарыында(айыл окмоттордо) иштеген кызматкерлердин айлыгы 7400, 8400, 9000 сомду тузот. Алган акыларыбыз айдан айга жетпейт.
Медициналык орто жайларда иштеген мугалимдерге айлык эчкачан кошулган эмес,мугалимдерге кошулгандан медик болуп калабыз,медиктерге кошулганда мугалим болуп калабыз.Ошентип бизин эмгек акысыз өтө төмөн,бир ставкабыз 7000 ди түзөт,1,5 ставка менен 10000 аран колго тиет.
Медициналык орто окуу жайларда иштеген мугалимдерге айлык эчкачан кошулган эмес,мугалимдерге кошулганда медик болуп калабыз,медиктерге кошулганда мугалим болуп калабыз.Ошентип биздин эмгек акыбыз өтө төмөн,бир ставкабыз 7000 ди түзөт,1,5 ставка менен 10000сом аран колго тиет.
Акылбек Жапаров ваучердик система менен которобуз деп жатат,муну кандай тушунсок болот,чет олколорду туурабай,озубуздун салт менен эле иштеп маянабызды,ишибизге жараша эле толоп беришсе ото сонун болот.Чет айылдарда окуучулар аз ,аларды окуткан мугалимдер кандай маяна алат,? Тушунуксуз .Андан Коро ошол мурдакы категорияны эле киргизип талапка жооп Берген мугалимдерге Гана кобуроок кошуп толосо чындыкка жакыныраак болот эле деп ойлойм.
Саламатсызбы мен
Тон районунан жазып атым эле .
Мен мектепте пол жуугуч болуп иштейм зарплатам аз 4 600 сом
Бизге да кошулабы
Суу чарба башкармасынын астындагы аймактык СПАларды колдоо жана өнуктуру бөлүмдөрүнүн адистеринин айлыктары дагы көтөрүлөбү?
Себеби Областык, райондук суу чарба башкармасынын адистери алган айлык акыдан Аймактык СПАларды колдоо жана өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн адистери үч эсе аз айлык алабыз. Аймактык СПАларды колдоо жана өнүктүрүү бөлүмү ички чарбалык каналдарды тээлейт. Азыркы учурда жазгы жумуштар башталды. Элдерди сугат суу менен камсыз кылуу өтө маанилүү, түйшүктүү, жооп керчиликтүү экенин баарыныздарга белгилүү. Ошондуктан СПАларды колдоо бөлүмдөрүнүн адистеринин айлык акыларын көтөрүп берүңүздөрдү сурайбыз.
Сотторго 2000 $ которуп койдунуздар. Мугалим байкушка 1000 ди да ыраа коро албайсынарбы?
1000$ дын жарымы эле жетмек эле удержание кылып эле 10 000 сом карматпаса.