1-октябрдан тарта пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулатылат

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов ушул жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүгүн  индексациялоо жөнүндө токтомго кол койду. Чечим президенттин «Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу жана пенсионерлердин кызыкчылыгын коргоону камсыздоо максатында кабыл алынган.

Тактап айтканда, өткөн жылы пенсиянын жалпы өлчөмү жашоо минимумунан төмөн болгон пенсионерлердин категориясы үчүн пенсиянын базалык бөлүгү 110 пайызга индексацияланган. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өткөн жылы пенсионерлердин төмөнкү жашоо минимуму 4785 сом 40 тыйынды түздү.

2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 1,08 индексациялоо коэффициентине индексацияланат. Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6248 сомду түзөт, бул пенсиянын жогорулатылганга чейинки орточо көлөмүнөн 8 пайызга жогору же 455 сомду түзөт. Жогорулатуу суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнөн көз каранды болот.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фондго пенсиянын базалык бөлүгүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылуусу тапшырылды.