«1-орунда турушуңар керек болчу». Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Жапаровдон уруш жеди

Президенттин, Министрлер кабинетинин төрагасынын жана анын орун басарларынын, президенттин администрациясынын жетекчилигинин тапшырмаларынын саны — 5779. Алардын ичинен мөөнөтү өтүп, аткарылбай турганы — 5,2%. Бул боюнча аймактардан начар көрсөткүч Чүй облусунда катталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жыйында билдирди.

«Эмне үчүн көрсөткүч мынчалык начар? Аймактардагы башка өкүлдөргө салыштырмалуу сизде чоң тажрыйба бар. Бул багытта ишти алдыга жылдыруу керек. Башка облустарга караганда Чүй облусунун мүмкүнчүлүктөрү, шарттары жакшы. Биринчи орунда туруш керек болчу, бирок 7-орунга түшүп кеттиңер”, — деп урушту мамлекет башчысы Чүй облусундагы өкүлүн.

Жапаров облус башчысын ишти күчөтүүгө чакырды. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү — Нурил Алымбаев.