11-апрелден тарта бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушуу өткөрөт

«11-апрелден баштап бардык район, шаарларда жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушуулар өтөт. Жолугушууга барып, көйгөйлүү маселелериңерди жеринде чечип алсаңыздар болот». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Буга чейин мамлекет башчысынын облустардагы өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрөрү маалымдалган.