1200 кызмат орду сынаксыз дайындалган

30-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиевди кабыл алды. Анда мамлекеттик кызматтагы кадрларды тандоого байланыштуу көйгөйлөр тууралуу маалымат берилди. Болжол менен 1200 кызмат орду сынаксыз дайындалып, бул коррупция үчүн жагымдуу шарттарды түзүп жатканы айтылды.

Садыр Жапаров “адистер кесипкөйлүгүнө жараша эмес, тууганчылык жана партиялык квотага ылайык дайындалып келген” деди. Анын айтымында,  айрым учурда экономист кызматына гуманитардык билим алгандар  дайындалып калган. Мындан улам олуттуу кадрдык реформалар жүргүзүү керектиги айтылды. Ошондой эле Жапаров “министрлик жана ведомстволордун санын кыскартуу зарылдыгы турат” деп айтты.