15 партия жаңы саясий уюм болуп биригип, парламенттик шайлоого катышат

15 партия жаңы саясий уюм болуп биригип, алар парламенттик шайлоого катышат. 15 партиянын катарында өткөн парламенттик шайлоого катышкан “Бүтүн Кыргызстан”, “Замандаш”, “Мекен ынтымагы”, “Реформа”, “Социал-демократтар” жана башкалар бар.

“Үмүт” деп аталган жаңы саясий кыймыл парламенттик кайра шайлоо Боршайком белгилеген 20-декабрь күнү өтүшү керек деп эсептейт. Андан тышкары жаңы кыймыл бийликке төмөндөгү талаптарды койду:
— президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун босого чегин, күрөөнү азайткан, Форма-2ни жойгон мыйзам долбооруна кол коюусу;
—  4-октябрдагы шайлоодо жана шайлоого чейинки мөөнөттө орун алган мыйзам бузууларга Ички иштер министрлиги, УКМК жана Башкы прокуратуранын жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу;
— Боршайкомдун мүчөлөрүнө кысым көрсөтүүнү токтотуу;
— легитимдүүлүк мөөнөтү аяктаганы үчүн парламентти таратуу;
— парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганы үчүн күрөөнү кайтаруу маселесин чечүү.

“Мекен ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбековдун айтымында, бийликти узупациялоо аракети жүрүп жатат. “4-октябрда митингге жаштар таза шайлоону өткөрүү талабы менен чыгышкан. Бирок айрым саясатчылар аларды колдонуп кетишти. Бийлик биздин талаптарга кулак салышы керек. Андай болбосо, жарандык акциялар башталат. Бийлик ага жеткирбей сүйлөшүүгө келет деп үмүт кылабыз”, — деди Темирбек Асанбеков.