«14 кишинин көпчүлүгү 8 болот». Мадумаров Кемпир-Абад боюнча комитет жыйынында мыйзам бузулганын айтты

«Кечээ, 16-ноябрда биздин комитеттин жыйыны өттү. Регламентке карабай, 7 киши отурат, кворум бар, чечим кабыл алынды деген чечим чыкты». Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров жыйында билдирди.

«Биз мыйзамды ушундай бузуп жаткандан кийин кимден талап кылабыз. Бул жерде көпчүлүгү деп жазылып турат. 14 кишинин көпчүлүгү 8 болот. 7си жарымы болот. Төрагадан суранам, кечээ өткөн комитет жыйынга өзүңүздүн позицияңызды билдирип койсоңуз», — деди ал.

Кечээ күнү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араларды тактоо, ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу тууралуу документтерди карады. Жыйындын акырында Кемпир-Абад маселеси боюнча документтер комитеттен 7 депутаттын макулдугу менен өтүп, Жогорку Кеңештин кароосуна чыгарылмай болду. Документти жети депутат — Улан Примов, Лейла Лурова, Чолпон Султанбекова, Шайлообек Атазов, Улан Бакасов, Ырысбек Атажанов жана Жылдыз Таалайбек кызы колдоду. Каршылыгын билдирүү иретинде жыйындан Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков, Нуржигит Кадырбеков, Нилуфар Алимжанова жана Эрулан Кокулов чыгып кетти.