Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйыны 17-майда өтөт

17-майда, дүйшөмбү күнү саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу парлмаенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында кандай маселелер каралары азырынча белгисиз. Буга чейин жыйын бүгүн өтөрү жана анда депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды талкуулашары айтылып жаткан.