1800 үй-бүлөгө турак жай… Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 79 миллион доллар бөлүп берет

Президент Садыр Жапаров кечээ, 7-июнда Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жассерди кабыл алды.
Эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы ИӨБ менен эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн олуттуу жыйынтыгы катары “Менин үйүм – 2021-2026” турак жай программасы саналарына басым жасады, анын алкагында калкты турак жай менен камсыздоо үчүн Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 79 миллион доллар бөлүп берет. Бул каражатка болжол менен 1800 үй-бүлөнү социалдык турак жай менен камсыз кылуу пландалууда. Ошону менен бирге Садыр Жапаров энергетика тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду. Бул өңүттө ал ИӨБга “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу боюнча долбоорго финансы институтунун катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Өз кезегинде Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жассер Кыргызстан өзгөчө табиятынан улам жашыл энергетиканы өнүктүрүү үчүн зор дараметке ээ экенин баса белгилеп, ири долбоорлорду жүзөгө ашырууда кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.
Мухаммед Аль-Жассер ошондой эле кичи ГЭСтерди куруу, адам ресурстарын өнүктүрүү, жакырчылыкты кыскартуу жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча долбоорлорду каржылоону кароону сунуштады.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана бакубаттуулук деңгээлин жогорулатууга кошкон олуттуу салымы үчүн Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жассерди “Достук” ордени менен сыйлады