Дүйшөмбү, 18.08.2025
Бишкек booked.net
+18...+28° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«2 миң доллардан берип турчумун». Садыр Жапаров кармалган «Унаанын» жетекчиси тууралуу үн катты

09:51 30.09.2024
0
«2 миң доллардан берип турчумун». Садыр Жапаров кармалган «Унаанын» жетекчиси тууралуу үн катты

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде Кыргызстандагы айдоочулук күбөлүктөрдү сатууга шектелип кармалган кызматкерлер боюнча пикирин билдирди. Ошондой эле эми «Унаа» ишканасына жаңы жетекчи дайындаларын, 40 районго автомектептерди ачууга тапшырма берилгенин айтты.

– Жакында эле “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Рустам Жокоев жана анын он чакты кызматкери коррупцияга шектелип кармалды. Сиз буга чейин мындан ары айдоочулук күбөлүктү сатып алууга мүмкүн болбой турганын, райондордо союз маалындагыдай атайын унаа башкарууга үйрөтө турган мектептер ачыларын айттыңыз эле. Ушул маселе боюнча сиздин пикирди уксак?

— Ооба, туура айтасыз, айдоочулук күбөлүктөр сатылбасын деп президент болгон күндөн баштап эле айтып келем. 2020-жылга чейин 15-20 миң сомго сатылып келгенин баарыңар жакшы эле билесиңер да. Кызматка жаңы келгенимде, бул тармакты ким тартипке салат деп сураштырып жүрүп, Рустам Жокоев деген жигитти койдум эле.

Башында жакшы эле иштеп келди. Тартип орноп, айдоочулук күбөлүктү оңой менен ала албай калганыңарды сездиңер да. Мен ого бетер күчөтөлү деп, ал жигитти чакырып «Сен өзүң таза болсоң, кол алдыңдагылар да таза болот, өзүң таза бол. Айлыгың жашооңо жетпей жатса, демөөрчүлүк фондумдан кошумча 2000 доллар материалдык жардам берип турайын» деп убадалашып, антын алып, ай сайын 2000 доллар жардам берип турчумун. Дароо айта кетейин: менин демөөрчүлүк фондум бюджеттик фонд эмес. Ошондуктан 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам берип турам. Анткени эмгек акылары чындыгында аз. Эмне үчүн материалдык жардам десеңер, алар өздөрү жетектеген мекемеден уурдабаш үчүн, ошол мекемеде тартип орнотуш үчүн, өзү таза болуш үчүн берип турам. Алардын арасында кечээ камалган “Унаанын” жетекчиси да бар эле. Балким, бул жигитти жөн эле камап атышкан жокпу деп, баарын өзүм да териштирип көрдүм.

Система түзүп алышып, күбөлүк сата башташканы аныкталып калды. 40 миңден 80 миң сомго чейин баа коюп алышыптыр. Албетте, 100 пайыз күбөлүк сатылган эмес. 90 пайыз адам сынакты тапшырып эле алышкан. Болжол менен 10 пайызы сатылып кетип жатканын болжолдодук. 10 пайыз эмес, бир да айдоочулук күбөлүк сатылбаш керек. Азыркы убакта 30 жылдан бери айдоочулук күбөлүк сатып алгандар жашап жатабыз.

Авариялардан жылына Кыргызстанда жүздөгөн адамдар каза болууда. Мисалы, былтыркы жылы өлкө боюнча дээрлик жети миңдей жол кырсыгы катталып, 783 адам каза болду. Согушта да мындай болбойт! Он миңден ашык адам жабыркаган. Анын бир нече миңи майып болуп калды.

Аларды өкмөт жөлөк пул берип багып жатат. Эгер мындан ары деле айдоочулук күбөлүк сатыла берсе, анда бул сандар өсө берет. Ошондуктан айдоочулук күбөлүктү сатууну кан буугандай токтотушубуз керек. Мына ошондо да 50-60 жылдан кийин араң күбөлүк сатып алгандардан тазаланабыз.

2020-жылы күбөлүк сатып алган уул-кыздарыбыз бүгүн араң 24тө. 50-60 жылдан кийин 74-84кө чыгат, туурабы? Эгер азыр токтотпосок, 100 жылдан кийин да күбөлүк сатып алып, машина айдап жүргөндөрдөн тазалана албайбыз. Ошондуктан учурдан пайдаланып, бүткүл кыргызстандыктарга, айрыкча жаштарыбызга кайрылып кетет элем. Айдоочулук күбөлүктү сатып алам деген ойдон кайтыңыздарчы. Эрежелерди жаттап алыш оорчулук жаратабы? Жөн гана моюн жар бербегендик деп ойлойм. Жаттап, баарын билип алсаңар, өзүңөргө жакшы эмеспи. Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болсо да, эркин айдап жүрөсүңөр да.

Эми “Унаага” жаңы жетекчи дайындайбыз. Ага деле жогоруда айтканымдай тапшырма жана талаптар коюлат. 40 районго автомектептерди ачкыла деп тапшырма коюп жатам. Ал да пендечилик, ач көздүк кылып кетсе, ал дагы камалат. Биз эч кимди аябайбыз. Бизге мамлекеттин келечеги керек. Таза мамлекетти куруп кетишибиз керек. Ушул жерден унаанын кызматкерлерине бир суроом бар да. Силер, күбөлүк сатып аткан адамдар, келечекте силердин өзүңөрдүн эле жакындарыңарды, небере-чөбөрөлөрүңөрдү кокус бир жерден кагып кетип, зыянга учуратпайт деп кепилдик бере аласыңарбы? Албетте, жок. Ошондуктан бир күндүк тыйынга кызыкпай, келечектеги урпактарыңарды да ойлой жүргүлө.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Садыр Жапаров: «Биздин өлкөгө Илон Шорбу, Илон Маскпы же башкасыбы келип бизнес кылабыз десе келе беришсин»

Садыр Жапаров: «Биздин өлкөгө Илон Шорбу, Илон Маскпы же башкасыбы келип бизнес кылабыз десе келе беришсин»

Автор Эдита Ильясова
10:13 15.08.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берди. - ⁠Тышкы саясий маселеге байланыштуу бир суроо, азыр Орусияда жүргөн молдовалык саясатчы...

Садыр Жапаров Ататүрк паркындагы үйлөр боюнча: «Бүгүнкү күндө 100 миллион сомдун тегерегинде акча чогултуп бүтүп калышты»

Садыр Жапаров Ататүрк паркындагы үйлөр боюнча: «Бүгүнкү күндө 100 миллион сомдун тегерегинде акча чогултуп бүтүп калышты»

Автор Эдита Ильясова
09:58 15.08.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, Ататүрк паркындагы үйлөр боюнча комментарий берди. - Мыйзамсыз курулуш тууралуу сөз болгондо...

Садыр Жапаров: «Эгер үйү «снос» болуп жаткан жарандардын башка жакта жашоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, ипотекага үй беребиз»

Садыр Жапаров: «Эгер үйү «снос» болуп жаткан жарандардын башка жакта жашоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, ипотекага үй беребиз»

Автор Эдита Ильясова
09:40 15.08.2025
2

Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз курулуштарды бузуу жана ага байланыштуу маселелер боюнча комментарий берди. - Садыр Нургожоевич, акыркы күндөрү коомчулуктун көңүлү...

Канымет Осмонбеков Баткен облусунун Лейлек районунун акими кызматынан бошотулду

Канымет Осмонбеков Баткен облусунун Лейлек районунун акими кызматынан бошотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:13 14.08.2025
0

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы...

Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:39 11.08.2025
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-августта Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Владимир Путин Садыр Жапаровго...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Кайрат Примбердиев мурдагы жубайы боюнча: «Көчөдө селсаяк болуп жаткан жеримен таап алып адам кылган эмес»

Кайрат Примбердиев мурдагы жубайы боюнча: "Көчөдө селсаяк болуп жаткан жеримен таап алып адам кылган эмес"

09:14 18.08.2025
25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү. Жолдошуна сот өкүмү чыкты

25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү. Жолдошуна сот өкүмү чыкты

14:14 18.08.2025
Абактан өсүмдүк майы менен 1 кап картошка уурдоого шектүү кызматкер кармалды

Абактан өсүмдүк майы менен 1 кап картошка уурдоого шектүү кызматкер кармалды

12:26 18.08.2025
19-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

19-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18:05 18.08.2025
Бишкекте кеңседен ири суммадагы акча уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте кеңседен ири суммадагы акча уурдаган шектүү кармалды

17:55 18.08.2025
Тажикстанда көзү ачыкка баргандар жазаланышы мүмкүн

Тажикстанда көзү ачыкка баргандар жазаланышы мүмкүн

16:58 18.08.2025

АРХИВ

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
« Июл    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү