«2008-жылы өткөргөн «таза» шайлоосун билебиз». «Эмгек» партиясы Нариман Түлеевге жооп берди

Кечээ, 7-майда «Ак-Бата» партиясынын лидери «Эмгек» партиясын добуш сатып алууга, шайлоодо мыйзам бузгандыгын айтып, айыптап чыккан. Бул айткандары партия лидеринин деңгээлине туура келбейт, ошондой эле адамдын адеп-ахлак нормаларына каршы келет. «Эмгек» саясий партиясы «Ак Бата» партиясынын лидери Нариман Түлеевдин айыптоолоруна комментарий берди.

«Бул адам шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан мезгилде «Эмгек» партиясына жалган маалымат уюштуруу менен гана алектенип келген. 2008-жылы ошол кездеги борбордун мэри Түлеев Бишкек шаардык кеңешине шайлоону кантип “таза” өткөргөнү баарыбыздын эсибизде жана аны жакшы билебиз. Мындай адам табиятынан чынчылдык менен күрөшүүнү билбейт. Ушундай билдирүүлөр менен Түлеев балким, кысым көрсөтүүгө аракет кылып жаткандыр же аймактык шайлоо комиссиясына «шантаж» кылып жатабы”, — деп билдиришти партиядан.