Кыргызстанда 2020-жылы коронавирустан улам киргизилген өзгөчө кырдаал режими сакталат

2020-жылдын март айында киргизилген коронавирустук инфекция боюнча өзгөчө кырдаал режимин сактоо чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 2022-жылдын 7-июлуна карата республикадагы коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абал жана калкты коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат угулду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө кандайдыр бир чектөө киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу окуянын ар кандай өнүгүү сценарийине жооп кайтаруу үчүн жетиштүү күчтөр жана каражаттар бар.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары тийиштүү мамлекеттик органдарга өлкө калкын эмдөөнү активдештирүү багытындагы иштерди күчөтүүнү тапшырды.