2022-жылы Тышкы иштер министрлиги эң жогорку рейтингге ээ болду

Кечээ, 28-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. Анда ведомствонун өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2023-жылга карата милдеттери талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Тышкы иштер министрлиги эң жогорку рейтингге ээ болгонун белгиледи.

“Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери министрликтер жана ведомстволор менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, ошондой эле жеке секторлордун эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерин диверсификациялоодо абдан маанилүү. Министрликтердин жана ведомстволордун Кытайга ата мекендик экспорттун көлөмүн көбөйтүү тапшырмасы турат”, — деп айткан Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Кытайда, Түркияда жана Өзбекстанда соода өкүлчүлүктөрүн ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи.