Президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койду. 11-апрелдеги референдумда Конституция кабыл алынгандыгына жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Конституциянын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат: 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилсин.
Министрлер Кабинети:
— 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана кабыл алсын;
— 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштырсын;
— ушул жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
Жогорку Кеңешке, сот бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана иш-чаралардын пландарын 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирүү сунушталсын.