2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн программасы иштелип чыгууда

Бүгүн, 9-мартта президентинин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов 2026-жылга чейинки мезгилде өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү артыкчылыктарын аныктоо программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун биринчи жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык,  азыркы учурда жүрүп жаткан конституциялык реформаларга, мамлекеттик башкаруу системасындагы өзгөрүүлөргө жана коронавирус пандемиясына байланыштуу 2018-жылы бекитилген «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы» программасына өзөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошондуктан, 2026-жылга чейинки мезгилге – Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү артыкчылыктарын аныктоо үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик топ түзүлдү.

Анда президенттин Аппарат Жетекчиси эксперттик топтун астында турган негизги эки милдетти белгиледи:

— биринчиден, коронавирус пандемиясына байланыштуу келип чыккан кризисти, конституциялык жана мамлекеттик башкаруу системасында жүрүп жаткан реформаларды эске алуу менен 2026-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү артыкчылыктарын жаңылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

— экинчиден, орто мөөнөттүү келечекке экономикадагы негизги жана түзүмдүк реформалар топтомун даярдап чыгуу.

Эксперттик топтун курамына президенттин Аппаратынын, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү кирди.