21 миллион сомдук кенемте. Депутат: «Эч ким кызмат учурунда каза болбосун»

Каза болгон прокурорго 21 миллион сомдук кенемте төлөнүшү коомчулукта чоң талкууну жаратты. Президент Садыр Жапаров да укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм берүү маселесин изилдеп чыгууну тапшырды.

Депутат Эльмурза Сатыбалдиевдин айтымында, ал да кенемтенин суммасын укканда чоң акча деп эсептеген. «Биздин бюджет жетпейт. Бирок иштеген кызматкерге кайсы кызматта иштесе да ошондой кенемте төлөнөт. Бул мамлекет тарабынан кепилдик. Эч ким кызмат учурунда каза болбосун деген тилек»,- деди ал.