«24 саат бою иштей албай койду». Соцфонддун төрагасы кызматтан кетти

Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев кызматтан кетти. Бул тууралуу мекеменин  маалымат кызматынан ырасташты.
Буга чейин ЖМКлар Орозалиевди иштен саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алганын жазып чыгышкан. «Мен аны 24 саат бою иштей албаганы үчүн бошоттум», — деген министр.
Жаныбек Орозалиев Социалдык фонддун төрагалысы болуп 2021-жылдын май айында дайындалган эле.