2,5 айдын ичинде 3 өрт кырсыгы катталды. Өкмөт мектептердин өрт коопсуздугун талкуулады

Биринчи вице-премьер Артем Новиков мамлекеттик жана социалдык мекемелердеги өрт коопсуздугу эрежелерин сактоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кеңешме билим берүү мекемелериндеги өрт кырсыгынын келип чыгуу окуяларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу демилгеленген. Анда Новиков өрттүн келип чыгуусунун негизги себеби катары өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча тутумдуу иштин жүргүзүлбөгөндүгүн айткан.

«Акыркы 2,5 айдын ичинде мектептерде 3 өрт кырсыгы катталган. Тармактык түзүмдөрдүн чубалгыларды жана трансформаторлорду тыкыр көзөмөлдөөдөн тартып, калк арасында натыйжалуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө дейре ырааттуу өз-ара аракеттешүүсү зарыл», — деди биринчи вице-премьер.

Ошондой эле ал окуу процессин тез арада жандандыруу максатында тийиштүү тармактардын өрттөн кийинки кесепеттерди жоюу жана зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча ыкчам иш жүргүзүүсү маанилүү экендигин кошумчалаган. «Бардык калыбына келтирүү иштери окуу жылы башталганга дейре жыйынтыкталышы керек», — деди Артем Новиков.