25 шаардык жана 418 айылдык кеңештин шайлоосунун жыйынтыгы чыкты

11-апрелде өткөн 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештеги шайлоонун бешөөнөн башкасынын расмий жыйынтыктары чыкты. Буга байланыштуу бүгүн, 11-майда жер-жерлерде мандат тапшыруу иш-чарасы жана кеңештердин алгачкы жыйындары өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов журналисттерге билдирди.

«Жергиликтүү кеңештердин шайлоосунун расмий жыйынтыгы 7-майда «Эркин Тоо» гезитине жарыяланган. Учурда беш кеңештин жыйынтыгы талаш жаратып жатат. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыктарына карата арыз-дооматтар БШКнын жана укук коргоо органдарынын кароосунда. Мындан тышкары Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Ноокендеги Бүргөн айылдык кеңештеринин да жыйынтыктары чыга элек. Ал жерлерде да арыздар бар. Биз аларды мүмкүн болушунча тезирээк караганга аракет кылып жатабыз», — деди ал.

Буга чейин Токмоктогу шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Мындай чечимди БШК 3-майда кабыл алган. Ага шайлоочулардын бир үйгө жапырт каттоого турганы себеп болгон. Мындан тышкары Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы 17-майга чейин чыгары маалым болду.