30 жаштагы Назгүл Лосникова Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды

Назгүл Лосникова Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Вице-мэр Виктория Мозгачева аны бүгүн, 17-сентябрда Бишкек шаардык кеңештин комиссиясынын жыйынында тааныштырды.

Мозгачеванын айтымында, кызматка Лосникова кечээ дайындалган.

Бөлүм башчысы депутаттарга мурда президенттин администрациясында, Билим берүү министрлигинде иштегенин, эки жогорку билими бар экенин, 30 жашта экенин айтты.