«30 жыл чыдап келген жаныбыз дагы 3 жыл чыдап коёлу». Акылбек Жапаров элге кайрылды

«Мен сиздерге төмөндөгү себептерден улам кайрылууну туура көрдүм. Албетте, сындагандар дароо эле четтен чыгат. Сындаганга акыңар бар. Сынга чыдап келгем, дагы да чыдай берем». Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров соцтармактагы баракчасына элге кайрылуу жарыялады.

«2005-жылы Акаевди кубалап, Бакиевди алып келдик. “Бардык тепкичтерди басып өткөн кадр, жакшы иштеп берет” деп ишендик дагы, президент кылдык. Мен өзүм финансы министри болдум, кийин экономика министри болуп дайындалдым. Ушул убактарда ар кайсы булактардан акча топтоп, “Камбар-Ата-2 ГЭСин куралы” деп, Бакиевге сунуш киргиздим. Ошентип, Камбар-Ата-2 ГЭСи башталды. “Быссымылда” деп курулуш иштери башталганда, өзүм барып, «Ваше превосходительство» деп уруксат алып, курулуш боюнча жардыруу кнопкасын өзүм баскам. Аны да азыркыга чейин мени шылдың кылып, күлүп жүрөсүңөр. Ага деле терикпейм. Мен ошол жылдары аткаруу бийлигине аралаша баштап (ага чейин депутат гана болгом), электр тармагыбыз кризиске батып бара жатканын дароо эле көрдүм. Өзүбүз суу башында туруп, кыштын күнү электр энергияны башка өлкөлөрдөн импорттоп келип жатыппыз. Болгондо дагы, накталай акчага сатып алып жүрүппүз.

Ошол үчүн мен ГЭСтерди токтоосуз куралы деген сунушумду киргизип, Камбар-Ата-2 ГЭСинин 1-агрегаты курулуп калган. Союз чачыраган мезгилден кийинки курулган көзгө басар жалгыз ГЭС ушул болду. 2020-жылга чейин мындан башка бир дагы ГЭС курулган жок. Ал эми бүгүнкү күндө мамлекеттин, элдин электр энергияны колдонуу талабы эки эсеге өстү. А биз болсо дагы деле СССР куруп берип кеткен ГЭСтер менен олтурабыз. Электр энергияны импорт алып келип жатабыз.

Кудай жалгап, 2020-жылы азыркы президентибиз Садыр Жапаров бийлик башына келип калып, ал киши да ушул проблеманы дароо сезди. Өкмөттүн биринчи жыйынында тез арада ГЭСтерди куруп башташыбыз керек, анан темир жолдун курулушун жандандыралы деген эки негизги тапшырманы койду. Мына, азыр элүүгө жакын чакан жана орто ГЭСти, кылым курулушу аталган Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатабыз. Мына ушул ГЭСтердин бүтүшүнө, өзүңүздөр көрүп тургандай, бир канча убакыт керек. Качан бул ГЭСтер курулуп бүтүп, ишке киргенде гана бизде электр энергиясы таңкыс болбойт. Импорт албайбыз. Тескерисинче, электр энергияны экспорт кылган өлкөгө айланабыз. Эгер ушул ГЭСтердин баары мурда эле курулуп калганда, азыр кыйналбайт элек.

Эми эң негизги маселеге токтолоюн. “Кыштын күнү электр энергияны үнөмдөп колдонгула” деп Энергетика министрлиги элге кайрылып жатат. Айрым жарандарыбыз болсо андан саясат жасагылары келишүүдө. “Мына өлдүк, кыштын күнү тоңобуз, бул бийлик свет менен камсыз кыла албай калды” деген сыяктуу сындарды айта башташты. Ооба, чындыгында, быйыл кыштын күнү электр энергиясы дефицит болот. Анткени суу жылдагыдан аз болду. Суу аз болгон цикл жүрүп жатат. Кудай буюруп, жогорудагы ГЭСтерибиз бүтөрү менен, электр энергиясынын маселеси чечилет. 30 жыл чыдап келген жаныбыз дагы 3 жыл чыдап коёлу. Электр энергияны үнөмдөп колдонолу. Керек болсо, кыштын күнү көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрөлү. Мунун баарына бүгүнкү бийлик күнөөлүү эмес да. Мурдагы бийликтегилер эң жок дегенде жылына бирден ГЭС куруп турса, 30 жылда 30 ГЭС туруп калмак. Эгер электр энергиясынын маселеси жол салуу, мектеп куруу сыяктуу көйгөй болгондо, азыр мектептерди, жолдорду салып жаткандай кылып эле бир жылда чечип коёт элек.

ГЭСтерди курууга убакыт, кылдаттык, татаал долбоорлор талап кылынат экен. Башка өлкөлөрдөн, мисалы, Орусиядан, Түркмөнстандан азыр кошуналар аркылуу импорт алуудабыз. Бирок кыштын күнү Казакстан менен Өзбекстандын бизге электр энергиясын транзит кылып өткөрүп бергенге аба чубалгылары чыдабайт экен. Өздөрүнөн ашпайт. Ошондуктан урматтуу мекендештер, бизди, азыркы Өкмөттү туура түшүнүп, азыртадан электр энергиясын үнөмдөөгө өтөсүздөр деп ишенем.

Дагы бир ачуу чындыкты айта кетейин. 2020-жылга чейин кошуна өлкөлөрдөн кыштын күнү электр энергияны накталай акчага сатып алып жүрүптүрбүз. Ал эми жайдын күнү кошуна өлкөлөргө сугатка суу агызганыбызда (эл аралык нормаларда суу башында турган өлкөлөр суудан ылдый турган өлкөлөргө суу берүүгө милдеттүүбүз), шлюзду көтөрүп, бош эле агызып берип жүрүптүрбүз. Садыр Нургожоевичтин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кошуна өлкөлөрдөн кыштын күнү электр энергия алып, ал электр энергияны жайдын күнү кайтарып жатабыз. Сууну жөн эле курулай ачпай, генератор аркылуу агызып, андан чыккан электр энергиясы менен кыштын күнү биз алган электр энергияны жаап коюп жатабыз. Мындай жүрүш менен, мындай сүйлөшүүлөр менен мамлекеттин канчалаган акчасын сактап, 2020-жылдан баштап ушундай шарт менен иштеп келе жатабыз. Өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуп турса эле, баары жакшы болот. Азыр Кыргызстанда стабилдүүлүктү бузгусу келген үчүнчү күчтөр да жок эмес.

Биз, бийлик башындагылар, жөн эле жаткан жокпуз. Күнү-түнү дебей, кара жаныбызды карч уруп, жогорудагы ГЭСтердин курулушун чечип, көзөмөлдөп жүрөбүз. Кудай күч-кубат берсе, баары жакшы болот. Сабырдуулук гана керек. Баарыбыз кышка даярданалы!», — деп жазылат кайрылууда.