34 жаштагы Кубаныч Шатемиров Бажы кызматынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалды

Кубаныч Шатемиров Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ал өзү журналисттерге билдирди.

Шатемировдун айтымында, бул кызматка аны премьер-министр Улукбек Марипов дайындаган. Буга чейин ал Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары кызматында иштеген.

Кубаныч Шатемиров 1986-жылдын 5-июнунда төрөлгөн. Юриспруденция боюнча жогорку билими бар. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.