4 президенттикке талапкер коомчулукка билдирүү жасайт

Бүгүн, 29-декабрда Бишкекте президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев, Канатбек Исаев жана Клара Сооронкулова билдирүү жасашат. Маалыматтарга караганда, алар дагы бир президенттикке талапкер Садыр Жапаровго байланыштуу маселе көтөрүп, анын иши боюнча сотко кайрыла турушканы айтышат.

Жогоруда айтып өткөндөй, кечээ дебатта Сооронкулова учурда өлкөнү башкарып жаткандар сот тарабынан беш мүнөт ичинде акталганын билдирген эле. Акыркы күндөрү Жапаровго буга чейин чыккан өкүмдөр жоюлуп же жоюлбаганы тууралуу социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда.

Садыр Жапаровго карата буга чейин “бийликти күч менен басып алуу аракети” жана “барымтага алуу” беренелери боюнча өкүмдөр чыкканы маалым. Октябрь айындагы окуялардан кийин Жапаров өкүмдөр  жокко чыгарылганын билдирген.

Бүгүн жогорудагы президенттикке талапкерлердин коомчулукка жасай турган билдирүүсүн SUPER TV-Жаңылыктар каналы түз эфирде алып берет. Өткөрүп жибербеңиздер.