Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык баштапкы, негизги жана жалпы орто билим берүү уюмдарынын (мындан ары – жалпы билим берүү уюмдары) жетекчилеринин жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө багытталган кадр саясатын ишке ашыруу, билим берүү чөйрөсүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо системасы киргизилсин.
- Төмөнкүлөр белгиленсин:
– жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык «Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору» мекемеси тарабынан борборлоштурулган негизде жүргүзүлөт;
– жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча иш берүүчүлөр тарабынан 5 жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат;
– конкурстук тандоо жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына, ушул жарлык күчүнө кирген күнгө карата 5 жылдан ашык иштеген жетекчилердин кызмат орундарына өткөрүлөт;
– кызмат ордунда 5 жылдан ашык иштеген жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул жарлык күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет, иш берүүчүнүн чечими боюнча жаңы жетекчи дайындалганга чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын убактылуу аткара алат жана жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык башка талапкерлер менен катар жалпы негиздерде жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна конкурстан өтүүгө укуктуу.
3. Министрлер Кабинети:
– ушул жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
– өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Билим берүү жана илим министрлиги:
– жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине коюлуучу квалификациялык талаптарды иштеп чыксын жана бекитсин;
– конкурстук тандоону өткөрүү үчүн тесттик инструменттерди иштеп чыксын жана апробациядан өткөрсүн;
– 2022-жылдын жана кийинки жылдардын ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына, ушул жарлык күчүнө кирген күнгө карата 5 жылдан ашык иштеген жетекчилердин кызмат орундарына конкурстук тандоону уюштурсун.
5. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары конкурстук тандоону өткөрүүдө Билим берүү жана илим министрлигине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.












Бул ото туура эмес чечим. Себеби жетекчи болуп бир жерде натыйжа алуу учун 5 жыл жетишсиз. Ага кеминде 7 жыл керек болот. Андай болсо, пенсия жашында отуруп, коп жылдан бери жетекчилик кылып келе жаткан кишилердин бардыгын бошотунуздар. Озу мугалим заты элдер учун тажрыйба откоруучу коен болуп калды. 5 жылдан ашык иштеп бирок жакшы натыйжа бере албаган башка жетекчилер да бошотулсун. Мисалы, Сузак районуна караштуу Фуркат мектебинин курулушу башталганына 37-38 жыл болуптур. Ушул учурга чейин мектептин курулушу аяктаган эмес. Буга жооптуулардын бардыгын жумуштан бошотушсун.
Мындан сырткары билим беруу министрлиги мектептерге жаны директорлорду тантоо конкурсун пландаштырган даражасында откоро албашына менин 100% козум жетет. Себеби, балдарды мектепке онлайн каттоо деп, Аллахтын куттуу куну системасында мучулуштуктор болуп турат. Ийгиликтуу катталгандардын арасында мектепке катталгандардын ичинде бала бакча жашындагы балдар катталып журушот. Бутуруучулорду ЖОЖдорго онлайн каттоо дешип, системасы отказ берип бир кун обедге чейин бир бутуруучуну каттай албай отурушат.