«5 күн да кызматта кармоого болбойт». Эки депутат министрдин айынан кайым айтышты

Депутаттар Кундузбек Сулайманов менен Камила Талиева билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин айынан кайым айтышты.

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү Билим берүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. Депутат Камила Талиева Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге реформа жүргүзүүгө убакыт берүү керектигин белгиледи. Ал 5 жыл реформатор-министрге тийишпөөнү сунуштады. Буга Кундузбек Сулайманов реформа баскыч менен жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. «Иштей албаган министрди 5 күн да кызматта кармоого болбойт», — деди ал.

«Иштебеген министрди такыр эле дайындоого болбойт. Иштеп, реформа жасайм деп келген министрге ишениш керек. Иштеп жаткан министрди эл да колдойт. Министр баарын тез чече турган сыйкырчы эмес», — деди Талиева. Сулайманов белгилегендей, Бейшеналиев буга чейин министр кызматын аркалап келген. Бирок мурда анын иши кыйла натыйжалуу болгон.